Суроо-Жооп

  • Эмне үчүн Капсикам®?

    Капсикам® оору импульстарынын күчтүү бөгөөчүсү – нонивамиддин күчү аркылуу аркадагы, булчуңдардагы, моюндагы капыстан ооруну басууга жардам берет.

  • Капсикамды® колдонуу узактыгы кандай?

    Дарылоо курсунун узактыгы оорунун оордугуна жана мүнөзүнө көз карнды, бирок препаратты дарыгердин кеңешисиз 10 күндөн ашык колдонууга болбойт.

  • Капсикамды® колдонууда сактык чараларын колдонуш керекпи?

    Капсикамды® жабыркабаган териге сыйпаш керек. Мазды көзгө жана былжырлуу челдерге тийгизүүдөн алыс болуу керек. Ар бир процедурадан кийин колду мелүүн суу жана самын менен жууш керек.

  • Ашыкча мазды сыйпап алууда эмне кылуу керек?

    Эгерде мазды ашыкча сыйпап алсаңыз жана жылытуучу таасири айкын болсо, ашыгын мелүүн суу жана самын менен жууп салуу сунушталат. Колдонордун алдында колдонуу боюнча нускамасын көңүл буруп таанышуу сунушталат.

  • Капсикамды®рецепти жок алууга болобу?

    Ооба, Капсикам® рецепти жок сатылат

  • Капсикам® препараты сыйпалган жерде жекече реакция катары дүүлүгүү пайда болсо, эмне кылуу керек?

    Капсикам®препаратын колдонуу боюнча нускамасында мазь жылытуучу таасирге ээ болгондугуна байланыштуу төмөнкү сактык чаралары айтылган:

    маздын ачык жарааттарга, былжырлуу челдерге жана көзгө тийгизүүдөн алыс болуу керек;

    кыйыр көрүнүштөрдөн алыс болуу үчүн препаратка сезгичтигин аныктоо үчүн маздын бир аз өлчөмүн териге алдын ала сыйпап көрүү сунушталат;

    ар бир процедурадан кийин сыйпоо үчүн аппликаторду колдонсоңуз же колдонбосоңуз да, мелүүн суу жана самын менен колду дыкат жууш керек;

    эгерде жеке реакция болсо, препаратты мелүүн суу жана самын менен жууп салуу же өсүмдүк майы майланган кебез тампону менен тери катмарынан алып салуу сунушталат

КАРШЫ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ЖАНА ТЕРС ТААСИРЛЕРИ БАР, АДИСКЕ КАЙРЫЛУУ ЗАРЫЛ.