Макалаларга кайтуу

Спорттук ысытуучу мазды кантип туура тандоо керек?  

Спортчулар машыгуудан кийинки, айрыкча, тыныгуудан кийин спортко кайтып келгенде же жаңы көнүгүү жасоого аракет кылганда булчуңдардын оорушу адаттагы көрүнүш экенин билишет. Албетте, булчуңдардын калыбына келиши үчүн убакыт талап кылынат, ошондуктан аларды бираз эс алдырып, машыгууну кийинкиге калтыруу керек. Калыбына келтирүү процессин тездетүүгө жана ооруну басаңдатууга жардам бере турган дагы бир жолу бар - атайын ысытуучу мазды колдонуу. 

Капсикам® мазынын мисалында алар жөнүндө макалада кененирээк айтып беребиз.  

Эмне үчүн керек?  

Спорттук ысытуучу маздар адатта эки учурда колдонулат: 

  • оору синдромун басаңдатуу үчүн. Машыгуу учурунда булчуң талчалары жабыркашы мүмкүн, бирок ыңгайсыздык жана катып калуу ошол эле күнү эмес, бир канча убакыт өткөндөн кийин пайда болот. Ушинтип кечиккен булчуң оорусу (КБО) деп аталган синдрому пайда болот. 
  • машыгуудан мурун булчуңдарга жардам берүү. Мазь аларды ысытууга жардам берет, ошондуктан алар ийкемдүү болуп, көнүгүүлөргө даяр болушат - демек, мертинүүлөргө азыраак кабылышат. 

Ысытуучу маздар кантип иштейт?  

Мындай маздардын курамына булчуң ткандарына таасир этүүчү, жылытуучу жана бошоңдотуучу таасири бар атайын заттар кирет. Бул аракеттин аркасында кан тамырлар кеңейип, кандын агымы активдешип, ткандарда зат алмашуу тездейт. Машыгуунун алдында көнүгүүлөрдө же спорттук массаж учурунда да ушундай болот. 

Ал эми ооруган булчуңдарга машыгуудан кийин мазды сыйпаса, жагымсыз сезими жана ыңгайсыздык өтүп кетиши мүмкүн. Чындыгында, активдүү зат кан агымына гана эмес, ошондой эле нерв учтарына да таасир этет - бул оору импульстарын өткөрүүгө тоскоолдук кылат. 

Кандай болот? 

Ысытуучу маздар ар кандай компоненттерди камтышы мүмкүн, бирок көбүнчө бул кызыл калемпирдин ачуу даамы- капсаицин үчүн жооптуу болгон заттын аналогдору. Мисалы, Капсикам® мазында бул нонивамид - ооруну азайтат жана теринин тамырларын кеңейтет. Ошондуктан мазды сыйпагандан кийин жылуулук сезими пайда болот. 

Нонивамидден тышкары Капсикам® ошол эле учурда тең салмактуу катышта 4 активдүү, бири-биринин таасирин толуктоочу жана күчөтүүчү затты камтыйт.  

  • Диметилсульфоксид сезгенүүгө каршы жана ооруну басуучу таасирге ээ, ошондой эле тери аркылуу дарынын калган компоненттеринин оорунун тараган жерине өтүшүнө өбөлгө түзөт.  
  • Бензилникотинат тамырларды кеңейтет жана кан айланууну жакшыртат, анын ичинде оорунун тараган жеринде дагы.  
  • Скипидар жана камфора кошумча кан айланууну күчөтүп, ооруну басаңдатат.  

Бир нече компоненттерден улам, препарат ооруну басуучу жана ысытуучу таасирлерге ээ жана машыгуудан кийин майда мертинүүлөр өрчүгөн учурларда жана өтүшкөн булчуң оорусунан улам булчуңдардын сезгенишинде жардам берет. 

КАРШЫ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ЖАНА ТЕРС ТААСИРЛЕРИ БАР, АДИСКЕ КАЙРЫЛУУ ЗАРЫЛ.