Жаз айлакер болушу мүмкүн - күн жаркырап тийип, жылуу болгондой сезилет, сиз жеңил куртка кийип чыгасыз, натыйжада шамал башталып, аркаңызды "үйлөп салат". Же болбосо, жылуу көчөдөн кийин кеңсеге кирип, ачык терезенин жанында отурса -ошол эле натыйжа: эртең менен төшөктөн араң туруп, аркаңыздагы курч, кескин катуу ооруну сезесиз.
Мындай кескин катуу оору үчүн көптөгөн себептер болушу мүмкүн, бирок ал негизинен температуранын өзгөрүшүнө байланыштуу. Сууктан улам булчуңдар сезгениши мүмкүн жана натыйжада миозит пайда болот, ал көбүнчө белде курч оору менен коштолот. Эгер тийиштүү чара көрүлбөсө, анда бул абал өнөкөт ооруга айланып кетиши мүмкүн. Бирок жакшы жаңылык бар: оору синдромун жеңилдетүүгө болот – бул үчүн эмне кылуу керектигин түшүнөбүз.
1. Тынчтыкты камсыз кылуу
Белдин оорушунда омурткага күч келтирүүнү азайтуу абдан маанилүү. Капыстан бурулуулардан жана эңкейүүдөн алыс болуу керек, ошондой эле оордукту көтөрүүгө жана ыңгайсыз абалда турууга болбойт. Курч приступ учурунда туруу да сунушталбайт – дене салмагы омуртканы басып, абалды начарлатышы мүмкүн.
Эң туура чечим – тегиз жерге жатып, табигый позаны кабыл алуу. Кошумча бутту көтөрүп, астына оролгон жууркан же жаздык коюп, тизеңизди бүгүп койсоңуз болот – бул булчуңдарды бошоңдотууга жардам берет. Эң негизгиси, сезимдериңизге көңүл буруу керек: оору күчөп кетпеши керек.
2. Аркаңызга жылуу нерсе коюңуз
Бул жылуу суу куюлган грелка, жүн шарф же жоолук болушу мүмкүн. 10-15 мүнөттүн ичинде мындай ысытуу булчуңдардын жылышына жана эс алуусуна жардам берет – бул өз кезегинде карышууну басат жана ооруну жеңилдетет.
Мында кошумча суук тийүүгө жол бербөө маанилүү – мисалы, сезгенүүнү күчөтүүчү муз салынган баштыкты коюуга болбойт.
3. Дарыгерге кайрылуу
Эгерде оору жетишерлик узакка созулса, анда өзүн – өзү дарылоонун кереги жок-адиске кайрылуу керек.
Чындыгында, белдин курч оорушу шамалдап калуудан же суук өтүп кетүүдөн гана эмес, башка себептерден да болушу мүмкүн. Бул уктап жатканда же иштеп жатканда дененин туура эмес абалы, жана өзү жөнүндө эске салып жаткан эски жаракат, ал тургай грыжа сыяктуу олуттуу оорулар болушу мүмкүн. Дарыгер гана туура диагноз коюп, туура дарылоону дайындай алат – мисалы, массаж жана физикалык дарылоо болушу мүмкүн.
4. Атайын маздарды колдонуңуз
Оору синдромун басаңдатууга жана абалды калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн, ооруну басуучу жана жылытуучу маздарды колдонсо болот – мисалы, Капсикам®. Анын курамында атайын тандалган дозаларда дароо 5 активдүү зат бар:
- нонивамид (калемпирдин ачуу затынын аналогу) ооруну азайтат жана теринин кан тамырларын кеңейтет, мындан мазды сыйпагандан кийин жылуулук сезими пайда болот;
- диметилсульфоксид сезгенүүгө каршы жана ооруну басуучу таасир көрсөтөт, ошондой эле препараттын оорунун очогуна тери аркылуу өтүшүнө көмөк көрсөтөт;
- бензилникотинат кан тамырларды кеңейтет жана кан айланууну жакшыртат, анын ичинде жабыркоонун очогунда;
- скипидар жана камфора кан айланууну кошумча күчөтөт, ооруну басаңдатат.
Капсикамды® аппликатордун жардамы менен ооруган жерге күнүнө 2-3 жолу жука катмар менен сүйкөө керек. Кийимди булгап алуудан коркпоңуз - май тез сиңет жана кездемеге эч кандай калдык калтырбайт.