Макалаларга кайтуу

Үй жумуштарын жасап жатып кантип белди оорутуп албоо керек?  

Үйдөгү жалпы тазалоо бүтүндөй бир дем алыш күндөрүнө созулушу мүмкүн: биринчи күнү оор кутуларды көтөрүп, килограмм кирлерди жууп, эң жогорку текчеге жетүү үчүн тепкичти көтөрүп жүрүү керек, ал эми экинчи күнү жатууга туура келет, анткени белдин оорушу сейилдеп чыгууга да жол бербейт. 

Тилекке каршы, ушул сыяктуу жаракаттарды активдүү иштерди жасап жаткан учурда гана эмес алууга болот. Белди компьютерде иштеп жатканда да оорутуп алса болот, мисалы, калем түшүп кетип, аны адам алам деп туура эмес кыймылдап алышы мүмкүн. Ошондуктан жаракат албастан, көнүмүш иш-аракеттерди жасоону билүү өтө манилүү.  

Жалпы тазалоодон кийин оору пайда болдубу? Капсикам® жагымсыз сезимдерди жоготууга жардам берет. 

Төмөнкү нерселерди эч качан кылбоо керек   

Эң негизгиси өз мүмкүнчүлүктөрүздү туура баалоо керек. Эгер жүк сиздин күчүңүздөн ашып турганын билип турсаңыз, аны бир аз болсо да сүйрөгөнгө аракет кылбаңыз. Өтө оор буюмду көтөрүп, адам жүктү туура бөлүштүрө албай калат, ошондуктан салмагынын көбү белге "кетет".  

Башыңызды артка чалкалатпашыңыз керек. Бул өзгөчө көп учурда адамдар үйдүн үстүнкү жарым кабатынан бир нерселерди алып жатканда же шыптан бир нерсени тазалаганда болот. Мындай кыймыл менен артерияны кысып алуу коркунучу бар, бул акыл-эсин жоготууга алып келет.  

Эгер батирде оор нерсени (бир чака суу же нымдуу кир менен толо дагараны) көтөрүш керек болсо, анда сиз туура бурулууну билишиңиз керек. Белде буралуу кыймылдарды жасоодон качуу керек, маневрдын өзүн кадамдап басып, бүт дене менен жасоо керек.                  

Кантип туура кылуу керек? 

Негизгилерден баштайлы - оордуктарды туура көтөрүү керек. Буттун булчуңдарынын жардамы менен ар кандай жүктү көтөрө алабыз: отурабыз, көтөрөбүз жана турабыз. Белде эч кандай чыңалуу же бүгүлүү болбошу керек. Буюмду денеге канчалык катуу кыссак, аны көтөрүү ошончолук жеңил болот. Эгерде жүк өтө оор болсо, жогоруда айтылгандай, аны бөлүүгө аракет кылуу керек, мисалы, бүт кир кийим менен толо дагараны көтөрбөстөн, бир нече кийимди колго алыш керек. 

Антресолдорду жыйноо үчүн жана башка "бийиктикте" турган жерлерди тазалоо үчүн бир кеңеш - буюмдар колдун деңгээлинде болушу керек. Ыңгайлуу тепкичте турганда, башыңыз артка чалкалабайт. Ошондой эле түшүп кеткен буюмду көтөрүү үчүн отургучтан туруп алууну адатка айлантуу керек. Бул иш-аракет бир аз көбүрөөк убакытты талап кылат жана ушунчалык ыңгайлуу отуруп алганда тургуңүз келбейт, бирок белиңиз мындай мамиле үчүн рахмат айтып, өзү жөнүндө эстетпейт. 

Бир эле түрдөгү көп күч келүүдө омуртка көпкө чейин бир абалда болбошу үчүн жана бел катуу чыңалбашы үчүн, жумушчу колун мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу керек.  

Адегенде  муну туура жасоо үчүн бардык кеңештерди эстеп калуу керек, бирок убакыттын өтүшү менен белдин абалына кам көрүү адаты бекем орнолуп калат. 

Эгер ооруп жатса  

Жаракат алуудан качуу мүмкүн болбогон учурларда, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Ал эми жагымсыз сезимдерди жоготуу үчүн булчуңдардын курч оорусуна тез жардам берүү үчүн жасалган Капсикам ® мазын колдонсоңуз болот.  

Анын курамындагы беш активдүү компонент ар кандай функциялар үчүн жооптуу жана бири-бирин толуктап турган команда сыяктуу иштейт. Бензилникотинат оорунун тараган жеринде кан айланууну жакшыртат. Нонивамид ооруну азайтат жана теринин тамырларын кеңейтет. Табигый скипидар жана камфора кошумча оору сезимин азайтууга жана кан айланууну жогорулатууга жардам берет, диметилсульфоксид болсо калган активдүү заттардын оорунун тараган жерине киришине өбөлгө түзөт. Маздын курамында ССКК (стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражат) жок. 

КАРШЫ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ЖАНА ТЕРС ТААСИРЛЕРИ БАР, АДИСКЕ КАЙРЫЛУУ ЗАРЫЛ.