2021-жылы медицина жана физиология жаатында Нобель сыйлыгы "температура жана сезүү рецепторлорун ачканы үчүн" ыйгарылганын билесизби? Кыскача айтканда, бул жылуулук, суук жана сезүү биздин нерв системабыздагы сигналдарды кандайча козгоорун түшүндүрүүгө жардам берди.
Окумуштуулар кызыл калемпирдин ачуу даамы үчүн жооптуу зат - капсаициндин жардамы менен TRPV1 рецепторун аныкташкан. Ал теринин нерв учтарында жайгашкан жана жылуулукка реакция кылат. Капсаициндин жогорку концентрациясынын кайталанган таасири оору рецепторлорунун сезгичтигин жана нервдин оору импульстарын өткөрүү жөндөмүн төмөндөтүшү мүмкүн. Эгер дененин ооруган жерин жылытсаңыз, анда ыңгайсыздык өтүп кетиши мүмкүн.
Албетте, машыгуудан кийин белиңиз же булчуңдарыңыз капысынан ооруп калса, териңизге ачуу калемпир коюунун кереги жок. Бул үчүн капсаициндин аналогу бар ар кандай маздар бар. Мындайларга Капсикам® кирет - макалада биз ал жөнүндө кененирээк айтып беребиз.
Капсикамдын курамына эмнелер кирет?
Капсикам® -бул ооруну басаңдатуучу жана жылытуучу мазь. Анын курамында атайын тандалган дозаларда 5 активдүү зат бар:
- нонивамид (кызыл калемпирдеги ачуу зат – капсаициндин аналогу) ооруну басаңдатат жана теринин кан тамырларын кеңейтет – мындан мазды сыйпагандан кийин жылуулук сезими пайда болот;
- диметилсульфоксид сезгенүүгө каршы жана ооруну басаңдатуучу таасир көрсөтөт, ошондой эле препараттын калган компоненттеринин тери аркылуу оорунун очогуна киришине көмөк көрсөтөт;
- бензилникотинат кан тамырларды кеңейтет жана кан айланууну жакшыртат, анын ичинде ооруган жеринде;
- скипидар жана камфора кошумча кан айланууну күчөтөт, ооруну азайтат.
Кантип таасир берет?
Капсикамдын® курамындагы бардык заттар сезгич нерв учтарына тамыр кеңейтүүчү жана дүүлүктүрүүчү таасир берет. Ошентип, ооруган жерге кан келет, ошондой эле оору импульстарын өткөрүү бөгөттөлөт.
Демек, Капсикам® жергиликтүү дүүлүктүрүүчү таасир берет жана колдонулган жерде жана тереңирээк жайгашкан жабыркаган жердин очогунда кан агымын жакшыртат. Ал эми оору импульстарын өткөрүүнүн "өчүрүлүшүнүн" аркасында ооруну басаңдатуучу таасири параллелдүү өрчүйт.
Качан колдонууга болот?
Капсикам® мазына бир нече көрсөтмө:
- эгерде белде, моюндун булчуңдарыңда курч оорулар пайда болсо – мисалы, шамалдап үшүп калгандыктан же компьютерде туура эмес отургандыктан;
- эгерде кол-буттун муундары сыздап ооруса – мисалы, оор жүктөмдөрдөн кийин;
- эгер машыгууга кайра барып баштагандан кийин булчуңдар ооруса, ошондой эле аларды жылыткыңар келсе – Капсикам ® мазын сыйпагандан кийин булчуңдарды бошотуучу дарылоочу жылуулук таасири пайда болот.
Мазды кантип колдонуу керек?
Капсикамды® ооруган жерге аппликатордун жардамы менен жука катмарда 1-3 граммдан күнүнө 2-3 жолу сыйпоо керек. Кийимди булгап алуудан коркпоңуз – мазь тез сиңет, кездемеде так калтырбайт жана теринин дем алышына мүмкүндүк берет.
Нускамасына ылайык, маздын ооруну басаңдатуучу таасири 30-40 мүнөттөн кийин пайда болуп, 3-6 саатка созулат. Кайталап колдонууда маздын таасири 10-14 күн бою сакталат. Эгерде ушул мезгилде оору жана сезгенүү басылбаса, анда дарыгерге кайрылып, дарылоону тууралоо керек.