Бардык оорулар нервден деп бекеринен айтышпайт. Ооба, баары болбосо да, албетте, алардын көбү. Мисалы, моюн жана ийин кырчоосундагы оорулар өнөкөт стресстин, эмоционалдык ашыкча чыңалуунун, тынчсыздануунун жана бузулуулардын натыйжасы болуп эсептелет.
Биздин моюн жана ийиндер организмдеги чыңалуу деңгээлинин индикатору катары кызмат кылат. Жана бул таң калыштуу эмес! Дал ушул моюн бөлүгүндө маанилүү нервдердин чатышы, анын ичинде стресс учурунда активдүү иштеген кошумча нерв бар. Оор жумушта, ашыкча күчтө, коркууда жана тынчсызданууда биз аң-сезимсиз башыбызды тартып, ийиндерибизди көтөрүп, денебизи жыйрып, коркунучтан коргонобуз. Өнөкөт көйгөйлөрдө жана санааларда булчуңдардын дайыма ашыкча чыңалышы байкалат, алар убакыт өткөн сайын ийкемдүүлүгүн жоготуп, ал тургай эс алууда да катуу бойдон калат. Алар нервдерди жана кан тамырларды кысып, кандын нормалдуу айлануусуна жана ткандардын тамактануусуна тоскоол болушат. Ошентип, ыңгайсыздык, анан оору пайда болот.
Жагымсыз симптомдор пайда болгондо, тез арада дарыгерге кайрылуу маанилүү, ал диагностика жүргүзөт, мисалы, омуртка чуркусу же протрузия сыяктуу патологияларды жокко чыгарат жана тиешелүү дарылоону дайындайт.
Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз өзүбүздү дарылап, маздарды, таблеткаларды, элдик медицинанын каражаттарын активдүү колдоно баштайбыз. Натыйжада дарыгерге олуттуу көйгөйлөр (баш оору, шакый, көрүүнүн бузулушу, мээ жүлүн нервдеринин кысылуусу ж.б.) менен түшөбүз. Дал ошондуктан өзүңүздүн ден соолугуңуз менен эксперимент жүргүзбөй, өз убагында сабаттуу адиске жардам үчүн кайрылуу абдан маанилүү.
Мындай кырдаалда дарыгер биринчи албетте, ооруну басаңдатуучу сезгенүүгө каршы дары-дармектерди дайындайт. Көбүнчө ал ССКК, башкача айтканда стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражаттарды тандоого токтолот. Ооба, мындай дары-дармектер жетишерлик натыйжалуу, бирок ошол эле учурда, өзгөчө системалуу препараттар менен узакка созулган дарылоодо бир катар каршы көрсөтмөлөр жана терс таасирлери бар (таблеткаларда, капсулаларда, свечаларда ж.б.).
Моюн жана ийиндин оорушунда дагы бир вариант: андан кем эмес натыйжалуу, ошол эле учурда ССККды камтыбаган, жылытуучу таасири бар коопсуз айкалыштырылган дары препараттары. Эреже катары, мындай препараттар булчуңдардын тамактануусун жана кан менен камсыз болушун жакшыртат, карышууну бошотот, ооруну басуучу жана сезгенүүгө каршы таасир көрсөтөт.
Дары-дармектерди колдонуудан тышкары, моюн ыңгайсыздыгын дарылоодо жана алдын алууда көнүгүүлөр чоң мааниге ээ. Күнүнө 2-3 жолу бир-эки мүнөт жөнөкөй көнүгүү жасап, булчуңдардын чыңалуусун унутууга болот. Ийинден баштоо сунушталат: жай дем алууда, ийинди жогору көтөрүп, максималдуу чекитке жетип, демди чыгарыңыз. Андан кийин ийиниңизди ылдый түшүрүп, ушул абалда 5 секундга туруңуз. Бир нече жолу кайталаңыз. Андан кийин, ийинди көтөрүүнү кайталаңыз, бирок диагональ боюнча гана: оң ийин өйдө көздөй тартылат, ал эми сол ийин ылдый көздөй түшөт жана тескерисинче. Моюндагы чыңалууну бошотуу үчүн отургучка отуруп, колуңузду башыңыздын артынан бириктириңиз жана дем алууда желкеңиз менен алаканыңызга басыңыз жана дем чыгарууда ээгиңизди көкүрөгүңүзгө карай басыңыз. Көнүгүүлөрдөн тышкары массаж курстары чыңалууну басаңдатат, булчуңдарды бошотот жана алардын ийкемдүүлүгүн жакшыртат.
Стресс менен күрөшүү дагы маанилүү учур болуп эсептелет: психолог менен топтук же жеке сүйлөшүүлөр, тынч алдыруучу дарылар, лаванданын же сандык куурайдын жыттуу майлары менен эс алуучу ванналар, таза абада сейилдөө же досторуңуз менен жолугушуу.
Ошентип, моюн оорусу стресстен жана жашоонун тез агымынан жапа чеккен заманбап адамдын көзгө көрүнбөгөн шериги. Бирок, алдын алуунун жөнөкөй жолдорун жана дарылоо үчүн натыйжалуу дарыларды колдонуп, жагымсыз сезимдерден арылып, ийиндерин эркин жайып жүрүүгө болот.