Макалаларга кайтуу

Белдин оорушу: патологиябы же  нормабы?

Ким өмүрүндө жок дегенде бир жолу белдин оорушу менен кездешкен эмес? Бул бир жолку, мисалы, бакчада иштегенден кийин же оордуктарды көтөргөндөн кийин, же кайталануучу же өнөкөт болушу мүмкүн.

Илимий коомчулуктун маалыматы боюнча, бел оорусу чоң кишилерде өтө кеңири таралган жана дүйнөдө майыптуулуктун эң кеңири таралган себеби болуп саналат [1, 2]. Жашоодо белдин ооруусу адамдардын көпчүлүгүндө (85%га чейин) пайда болот [3]. Туура тандалган дарылоодо, орто эсеп менен 4 жума дарылоодон кийин бул көйгөйдү унутууга болот. Бирок, болжол менен 20-59 жаштагы ар бир бешинчи бейтаптын биринде өнөкөт бел оорусу пайда болот, б.а. 3 же андан көп айга созулат [4]. Ал эмгекке жарамсыздык менен байланышкан эң олуттуу зыянды жана жумушка келбегендиктен жана өндүрүмдүүлүктү жоготуудан улам медициналык чыгымдар жана чыгашалар түрүндөгү олуттуу экономикалык жоготууларды алып келет.

Белдин оорушу эмнеден улам пайда болот? Бул дайыма эле гиподинамиядан болобу?

Омуртканын ылдыйкы бөлүгүндө оорунун жалгыз эпизоддору гиподинамиядан, тактап айтканда көп отурган жашоо образынан келип чыгышы мүмкүн. Офисте иштегендер бир күн бою компьютердин алдында статикалык абалда отуруп, үйлөрүнө метро же унаа менен барып, кечкисин спорт залда эмес, телевизордун алдындагы креслодо өткөрөрү эч кимге жашыруун эмес. Советтик фильмдерде иш ордуларында “өндүрүштүк гимнастиканы” өткөрүү салты чагылдырылган. Ишкананын бардык кызматкерлери — директордон тартып жөнөкөй машинисткага чейин шаңдуу музыканын астында спорттук тыныгууга катышышкан. Заманбап вертебрологдор азыр андай салттын жоктугун өкүнүч менен белгилешет, бирок кызматкерлерге кам көргөн: теннис столун орнотуп, тренажерлорду орнотуп же кызматкерлерге фитнес клубга картасын төлөп берген кеңселер бар. Бирок мындайлар абдан аз.

Ошондой эле тескерисинче, көп отурган жашоо образына карама-каршы, чоң физикалык күч, огороддо иштөө, оор сумкалар, фитнес клубундагы көнүгүүлөрдүн туура эмес топтому да белдин оорушуна алып келиши мүмкүн.

Оорунун урологиялык жана  гинекологиялык себептери

Белдин оорушу омуртканын көйгөйлөрүнөн гана эмес, гинекологиялык жана урологиялык мүнөздөгү көйгөйлөрдөн да келип чыгышы мүмкүн. Көбүнчө, омурткалардын бел жана куймулчак бөлүгүндөгү гинекологиялык оорулар жатындын бүктөлүшүнүн же коштондуларынын өнөкөт сезгенүүсүнүн белгиси болушу мүмкүн. Белдин оорушу урологиялык көйгөйлөрдүн белгиси болушу мүмкүн экендигин унутпаңыз. Бул жердин сыздап оорусу солгун патологиялык процесстер үчүн мүнөздүү. Аларга өнөкөт пиелонефрит, шишимиктер кирет. Заара түтүгүнүн кептелме оорулары менен заара таш оорусунда, курч нефритте курч оору пайда болушу мүмкүн.

Омуртканын патологиялары

Медициналык статистикага ылайык белдин оорушуна даттануулардын 80% дан ашыгы белдин булчуң-байламталык аппаратынын бузулушуна жана остеохондроз, ревматизм, радикулит, люмбаго, невралгия сыяктуу омуртканын патологияларына  түздөн – түз байланыштуу.

Үйрөтүлбөгөн булчуңдарга  ашыкча жүктөм берүү (мисалы, огороддо иштеп жатканда), катуу (даярданбаган) кыймылдар, ашыкча физикалык көнүгүүлөр арканын булчуңдарында жана алардын тутумдаштыргыч ткандык чел кабыктарында (булчуң челинде) микромертинүүлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Бул  белдин курч оорушун пайда кылат (бир жагынан). Жабыркаган булчуң чыңалып турат, анда жергиликтүү ооруткан тыгыздалуулар сезилет. Бул миофасциялык синдром деп аталган жалпы көйгөй, ал дарылоого жакшы жооп берет.

Остеохондроз-белдин дагы бир көп кездешүүчү көйгөйү. Бүгүнкү күндө ал бир топ "жашарып" кетти, эгер буга чейин бул диагноз улгайган адамдар менен байланыштуу болсо, эми 30 жаштагы адамдарда остеохондроз диагнозу коюлат! Азыр улгайган чоң энелер гана  "иттин жүнүнөн" жасалган жоолуктарды жана курларды байланбастан, жаштар дагы дарыканага "арка"дарыларын  алуу үчүн кезекте турушат. Дары-дармектердин ассортименти чоң, бирок кантип туура чечим чыгарып, организмге зыян келтирбейсиз?

Албетте, белдин оорушунун себебин аныктап, дарылоо схемасын жазып бере турган дарыгерге кайрылуу керек. Өзүн-өзү дарылоого кайрылуунун кажети жок. Эгерде оору омуртканын патологиясына байланыштуу болсо, анда тажрыйбалуу дарыгер сизди рентгенологиялык диагностикага  же омуртканын бел бөлүгүн  мртдан өткөрүүгө жиберет. Текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде  сезгенүүгө каршы дары-дармектерди жазып берет, физиодарылоону, дарылоочу көнүгүүлөрдү дайындайт, кайсы иш-аракеттерди чектөө керек экендигин айтып берет, укалоого же мануалдык дарылоого жиберет.

Адатта, стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражаттарды  (ССКК) алуу натыйжалуу болот. Алар айкын сезгенүүгө каршы жана ооруну басуучу  таасир берет. Бирок, бул дары-дармектердин көптөгөн терс таасирлери жана каршы көрсөтмөлөрү бар, ошондуктан аларга өтө этияттык менен мамиле кылуу керек. ССКК кабыл алуу, анын ичинде аларды колдонууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугуна дарыгердин кеңеши талап кылынат.

Мындай учурларда ССКК жардамы менен жергиликтүү дарылоо, башкача айтканда, сыртка колдонуучу  каражаттар – гелдер, кремдер жана маздар, алар бүтүндөй организмге эмес, ооруган жерге гана таасир этерин жана натыйжалуулугун адистер белгилешет.

Моюн жана ийин ооруларынын дагы бир варианты: натыйжалуу, жылытуучу таасири менен толукталган, ССКК жок коопсуз айкалышкан дары-дармектер. Эреже катары, мындай дары-дармектер, булчуңдардын тамактануусун жана кан менен камсыз болушун жакшыртат, карышууну бошотот, ооруну басуучу таасирин тийгизет.

Эгер белиңиз ооруп жатса, эңкейе албай, далыңызга баштык кийип, көпкө отуруу жана туруу кыйын болсо, догдурга кайрылыңыз, анткени белдин оорушу денедеги олуттуу көйгөйлөрдүн белгиси болушу мүмкүн. Дарылоону канчалык эрте баштасаңыз, натыйжасы ошончолук жакшы болот.

  1. Global Burden of Disease Study C. Global, regional, and national incidence, prevalence, and years lived with disability for 301 acute and chronic diseases and injuries in 188 countries, 1990-2013: a systematic analysis for the Global Burden of Disease Study 2013. Lancet. 2015; 386(9995): 743-800. doi: 10.1016/S0140-6736(15)60692-4.
  2. Hartvigsen J., Hancock M.J., Kongsted A., Louw Q., Ferreira M.L., Genevay S., Hoy D., Karpinen J., Pransky G., Sieper J., Smeets R.J., Underwood M., Lancet Low Back Pain Series Working Group. What low back pain is and why we need to pay attention. Lancet. 2018; 391(10137): 2356-67. doi: 10.1016/S0140-6736(18)30480-X.
  3. Schmidt C., Raspe H., Pfingsten M., Hesenbring M., Bastel H.D., Eich W., Kohlmann T.  Back pain in the German adult population. Spine. 2007; 37(18): 2005-11. doi: 10.1097/BRS.0b013e318133fad8.
  4. Meucci R.D., Fassa A.G., Faria N.M. Prevalence of chronic low back pain: systematic review. Rev Saude Publica. 2015; 49: 1. doi: 10.1590/S0034-8910.2015049005874.
КАРШЫ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ЖАНА ТЕРС ТААСИРЛЕРИ БАР, АДИСКЕ КАЙРЫЛУУ ЗАРЫЛ.