Дээрлик ар бир адам катуу моюн оорусуна дуушар болгон. Бул үчүн кандайдыр бир жаракат алуунун же аномалдуу омурткаларга ээ болуунун кажети жок- кээде моюнга "сайгылашып ооруш" үчүн жөн эле туура эмес бурулуу жетиштүү.
Бул макалада моюндун оорушунун дагы кандай себептери бар, алар менен кантип күрөшүү керек жана кандай мазь аптечкаңызда сакталышы керектигин айтып беребиз.
Миозитке (булчуңдардын сезгенишине) алып келген өтө муздатуу. Моюнга "суук тийүү" үчүн кичинекей өтмө шамалда болуу жетиштүү. Натыйжада, башыңызды буруу чынында мүмкүн болбогон катуу оору (эреже катары бир гана тарабынан) башталат.
Ыңгайсыз дененин абалы. Жумушта 8 саат бою эңкейип же моюнду сунуп отурууга туура келет - натыйжада булчуңдар узак убакыт бою чыңалып, "сыздап" башташат. Бул ошондой эле ыңгайсыз абалда уктап жатканда же көп саат унаа айдагандан кийин, көнүгүүлөрдү жасай албаган учурларда болушу мүмкүн.
Мертинүүлөр – мисалы, жыгылуудан, кырсыктан же спорт менен машыккандан улам.
Стресстер. Моюн бөлүмүндө маанилүү нервдердин чатышы, анын ичинде стресс учурунда активдүү иштеген кошумча нерв бар. Оор жумуш жасап жатканда, ашыкча чыңалууда, коркуу жана тынчсыздануу менен биз көбүнчө аң-сезимсиз башыбызды артка тартып, ийиндерибизди көтөрүп, топтошуп, коркунучтан коргонобуз. Өнөкөт көйгөйлөрдө булчуңдардын чыңалуусу туруктуу калат, ийкемдүүлүгүн жоготот жана тынч абалда дагы катуу бойдон калат. Ошондон катып калуулар жана оору пайда болот.
Омуртка тутумунун же башка органдардын оорулары - ошентип, моюндун оорушу баш мээ, жүрөк же кан тамырлар менен байланышкан көйгөйлөрдүн белгиси болушу мүмкүн.
Алар менен кантип күрөшүү керек?
Эгерде моюндагы оору курч болсо, анда анын тынч абалда турушун камсыз кылуу керек - аны өтө чукул бурбоо жана бир абалда көпкө кармабоо керек. "Сайгылашып ооруган" учурда моюнга тагыла турган жүн жоолук же шарф жардам берет - бул булчуңдарды жылытат жана тынчтандырат. Андан тышкары, атайын маздарды сыйпаса болот.
Оор жумуш күнүнөн кийин жеңил ыңгайсыздык болуп жатса, моюн-жака зонасын массаж кылуу жардам берет - бул кан айланууна түрткү берет, карышууну басаңдатат жана булчуңдарды бошотот. Эгерде, моюндагы оору көпкө чейин басылбаса, адиске кайрылуу керек. Бул, мисалы, остеохондроз жана остеоартроз сыяктуу моюн жардамга муктаж болгон олуттуу оору болушу мүмкүн.
Моюн көйгөйлөрү тынчыңызды албаш үчүн, күнүмдүк көнүгүүлөрдү, туура орнотулган жумуш ордун, келбетти жана үзгүлтүксүз тыныгууну камтыган алдын алуу чараларын көрүш керек.
Моюн оорусуна кандай мазь сыйпаса болот?
Моюндагы ооруну басаңдатууга жана абалды калыбына келтирүүгө ооруну басуучу жана жылытуучу мазь жардам берет – мисалы, Капсикам®. Анын курамында кызыл калемпирдин ачуу даамы – капсаицин үчүн жооптуу заттын аналогу болгон нонивамид бар. Нонивамид ооруну азайтат жана теринин тамырларын кеңейтет. Ошондуктан мазды сыйпагандан кийин жылуулук сезими пайда болот.
Нонивамидден тышкары Капсикам® ошол эле учурда бири-биринин таасирин толуктоочу жана күчөтүүчү теңдемделген катышта 4 активдүү затты камтыйт.
1. Диметилсульфоксид сезгенүүгө каршы жана ооруну басуучу таасирге ээ, ошондой эле тери аркылуу дарынын калган компоненттеринин оорунун тараган жерине өтүшүнө өбөлгө түзөт.
2. Бензилникотинат тамырларды кеңейтет жана кан айланууну жакшыртат, анын ичинде оорунун тараган жеринде дагы.
3. Скипидар жана камфора кошумча кан айланууну күчөтүп, ооруну басаңдатат.
Кантип колдонуу керек: Капсикам® (1–3 г) ооруган жерге аппликатордун жардамы менен күнүнө 2-3 жолу жука катмар менен сыйпалат. Мазь тез сиңет жана кездемеде из калтырбайт, ошондуктан кийимиңизди булгап алуудан коркпоңуз.