Күн сайын заманбап адам өзгөчө маани бербеген ошол эле көнүмүш иш-аракеттерди жасайт, мисалы, смартфондо көпкө отуруп, жумушка басым жасап, басканга караганда автобусту артык көрөт.
Булардын бардыгы аркага терс таасирин тийгизип, турган турпатты бузуп, булчуңдардын оорушуна алып келиши мүмкүн. Аркаңызга жардам берүү үчүн, биз төмөндө айта турган бул жаман адаттардан арылуу кээде жетиштүү. Ал эми акырында, белиңиз ооруп калса, эмне кылуу керектигин айтабыз.
№1 адат. Кыймылсыз жашоо образы
Эртең менен кеч ойгонуп, чоюлуп булчуңдарды жумшартууга үлгүрбөй, жумушка жетүү үчүн дароо машинага же автобуска отуруу бул кадимки көрүнүш. Ал жерде бир позицияда 8 саат отуруп, кечинде үйгө келип, китеп же смартфон менен диванга жатып калмай. Ошентип, гиподинамия күндөн-күнгө өрчүп кетиши мүмкүн, бул кыймылдын жетишсиздигинен улам пайда болуп, дененин функцияларынын, анын ичинде кыймыл - таяныч аппаратынын бузулушуна алып келет. Ал жерде арканын көйгөйлөрү алыс эмес.
Чындыгында, эгер адам күнү бою бир отурган абалда өткөрсө, булчуңдар жана муундар жетиштүү тамактанбай, алсырап калат.
Төшөктө иштөө өзгөчө зыяндуу-жумшак жерде жатып же отурганда дененин бардык бөлүктөрү өтө эле чыңалып калат. Ушундан улам, белдин катып калуусу, моюндун оорусу жана денедеги башка ыңгайсыздыктар пайда болушу мүмкүн.
№2 адат. Ашыкча жүктөм
Башкача да көрүнүштөр болот-спорт залга барсаң да, спорт менен машыгып көп бассаң да, белиңиз дагы деле ооруй берет. Мунун жалпысынан эки себеби бар.
Балким, бул туура эмес техникадан, мисалы, штанганы көтөргөндө туура эмес эңкейип алуу, бел булчуңдарына ашыкча күч келтирип алуу, бул нерв учтарынын кысылып калышына алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, аркадагы ыңгайсыздык БКО (булчуңдардын кечигип оорушу) синдрому болушу мүмкүн – булчуң талчаларынын машыгуу учурунда микро жаракаттан улам сезгениши. Адатта, оору машыгуудан кийин дароо пайда болбойт, бирок 24-36 сааттан кийин пайда болот, ошондуктан ал кечиктирилген деп аталат.
№3 адат. Туура эмес туруу
Адамдын турушу арканын ден-соолугуна, ал эми арканын ден – соолугу туура туруусуна байланыштуу. Эгерде адам эңкейип же бүкүрөйүп жатса, булчуңдар да табигый эмес абалды ээлөөгө аргасыз болушат. Демек, оору, жагымсыз сезимдер, аны менен бирге организм үчүн башка терс кесепеттер – дем алуунун бузулушу, чарчоо, баш оору пайда болот.
Йога менен алектенүү булчуң корсетин бекемдөөгө, демек туура турууну жакшыртууга жардам берет.
№4 адат. Шамалдап калуу
Аба ырайы ысык болгондо, биз ар кандай шамалды белек катары кабыл алабыз жана ойлонбостон, ачык терезенин жанында жана кондиционердин астында отурабыз. Бирок шамал коркунуч туудурат, анткени ал организмге жергиликтүү деңгээлде таасир этет.
Эгер адам көчөдө суукта жүрүп тоңуп калса, анда коргонуу күчтөрү иштей баштайт – дене чымырап, чачтар тик туруп, чыйрыгуу жана калтырак пайда болот. Мунун баары жылуулукту көбөйтүүгө жана тезирээк жылынууга жардам
Үйдө жылуу отурганда аркаңыздан салкын жел үйлөп турса, бул таптакыр башка окуя. Организм өзүнүн муздап жатканын сезбейт жана коргонуу күчтөрүн иштетпейт– аба агымы дененин жергиликтүү аймагына барган сайын көбүрөөк таасир этет жана ал барган сайын муздай берет. Жыйынтыгында-миозит (булчуңдун сезгениши) болот. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ал “капыстан пайда болгон булчуңдардын оорусу” деп аталат – бул белдин же далылардын ортосунда, моюнда, айрыкча кыймыл учурунда капыстан катуу оору.
№5 адат. Стресс
Жумуштагы жана үйдөгү көйгөйлөр, ашыкча жүктөм, тынчсыздануу, коркуу жана башка терс эмоциялар адамдын психологиялык абалына жана маанайына гана таасир этиши мүмкүн, деп ойлойбуз. Бул андай эмес-стресс физикалык жактан да, анын ичинде булчуңдарда да болушу мүмкүн. Чындыгында, стресс-бул организмдин кандайдыр бир коркунучка реакциясы. Мурда ал жырткыч болчу-азыр, мисалы, жаман жетекчи. Булчуңдар жыйрылып, дене топтолуп, дүүлүктүрүүчү менен күрөшүүгө даярданат. Эгер реакция ишке ашса жана коркунуч жоюлса, анда организм кийин эс алат. Ал эми дүүлүктүрүүчү кала берсе, стресс эч жакка кетпейт, демек булчуңдар да чыңала берет жана андан биринчи кезекте белибиз жабыркайт, бул биздин тик туруубузга кесепетин тийгизет.
Баса, болжол менен ошол эле механизмден баш жана моюн булчуңдарынын узак мөөнөттүү чыңалуусунан улам баш оору пайда болот.
Булчуңдардын чыңалуусу менен күрөшүүнүн бир жолу – чуркоо же жок дегенде, басуу сыяктуу физикалык активдүүлүк.
№6 адат. Туура эмес матраста уктоо
Кээ бирөөлөр жумшак керебетте уктаганды жакшы көрүшөт, ал эми кээ бирлери өтө катуу жерде укташат. Экөө тең зыяндуу: өтө катуу матрас кан айланууну бузат, ал эми жумшак матрас, тескерисинче, салмактын астында ийилет жана адам гамакта уктап жаткандай сезилет.
Натыйжада, арка 8 саат бою табигый эмес абалда болот-таң калычтуусу, эртең менен жанчылып калгандай болуп, чарчап каласың. Ошентип, оптималдуу жолду издөө туура.
Арканын оорушун кантип алдын алууга болот?
Жок дегенде жашооңузга көбүрөөк кыймыл кошуңуз, шамалдап калуудан алыс болуңуз жана эс алууну үйрөнүңүз. Ал эми белдин ыңгайсыздыгы пайда болсо, булчуңдардын курч оорусунда жардам берүү үчүн атайын жасалган Капсикам ® мазын сүйкөсөңүз болот. Анын курамында атайын тандалган дозаларда 5 активдүү зат бар:
- * нонивамид (калемпирден алынган ачуу заттын аналогу) ооруну басаңдатат жана теринин кан тамырларын кеңейтет-ушундан мазды сүйкөгөндөн кийин жылуулук сезими пайда болот;
- диметилсульфоксид сезгенүүгө каршы жана ооруну басуучу таасир көрсөтөт, ошондой эле препараттын калган компоненттеринин тери аркылуу оору очогуна өтүшүнө өбөлгө түзөт;
- бензилникотинат кан тамырларды кеңейтет жана кан айланууну жакшыртат, анын ичинде жабыркаган жерде;
- скипидар жана камфора кошумча кан айланууну күчөтүп, ооруну басаңдатат.
Капсикам ® (1-3 г) ооруган жерге аппликатордун жардамы менен күнүнө 2-3 жолу жука катмар менен сүйкөлүшү керек. Кийимди булгап алуудан коркпоңуз-мазь тез сиңет жана кездемеге эч кандай калдык калтырбайт. Мындан тышкары, Капсикамды ® машыгуу алдында жылытуучу мазь катары колдонууга болот – ал массаж кылынган жерге аппликатордун жардамы менен сүйкөлөт жана тери кызарганга чейин массаж кыймылдары менен сүртүлөт. Машыгуудан кийин мазь териңизден мелүүн суу менен жуулат.