Машыгуудан кийин булчуңдарды тез калыбына келтирүүнүн 5 ыкмасы
Тыныгуудан кийин машыгууга кайтып келгенде же жаңы көнүгүүнү жасап көрүүдө, көпчүлүк учурда күч-кубат жана энергия толо баштайт. Бирок, эртеси күнү жакшы маанайдын ордуна, күнүңүз окуяларга абдан бай болсо да булчуңдардын интенсивдүү жана тартып оорушунан, катып калгандыгынан, алсыздыктан улам төшөктөн тургуңуз келбейт.
Бул абал көбүнчө кечиккен булчуң оорусу (КБО) - машыгуу учурунда майда мертинүүнүлөрдөн улам булчуң талчаларынын сезгенүүсүнөн пайда болот.
Албетте, булчуңдардын калыбына келиши үчүн убакыт талап кылынат. Бирок бул процессти тездетүү жана ооруну азайтуу үчүн бир нече жолдору бар. Алар тууралуу айтып берели.
1. Тамактанууну жана суу режимин жөнгө салуу
Тамак-аш жана суу организмди тезирээк калыбына келтирүүгө жана жоголгон энергияны толуктоого жардам берет. Ошондуктан, машыгууга бир саат калганда жана андан кийин эки сааттын ичинде тамак ичүү маанилүү - бул бир гана пайда алып келет.
Машыгууга чейинки тамактануу үчүн, бүтүн дан эгиндери сыяктуу пайдалуу углеводдорду тандаңыз. Ал эми машыгуудан кийин - булчуңдардын калыбына келишине жардам берүүчү углевод менен белоктордун айкалышын тандаңыз. Бул арахис майы кошулган сэндвич же жашылча менен күрптүн эти болушу мүмкүн.
Жоголгон суюктук менен минералдар да кетет, ошондуктан суу балансын калыбына келтирип, машыгуудан кийин дароо суюктуктарды (суу, көк чай) иче баштоо керек.
2. R.I.C.E ыкмасын колдонуу
R.I.C.E ыкмасы адатта оор спорт жаракаттарында колдонулат, бирок кечиккен булчуң оорусу (КБО) учурунда, шишимикти азайтууга, ооруну басаңдатууга, ийкемдүүлүктү жогорулатууга жана булчуңдардын калыбына келишин тездетүүгө, ошондой эле үзгүлтүксүз машыгуу графигине тез кайтып келүүгө жардам берет.
R.I.C.E аталышы төмөнкү англис сөздөрдүн кыскартуусунан алынган:
R (REST) – эс алуу. Жабыркаган булчуңдарга эс алуу жана калыбына келтирүү үчүн убакыт берүү зарыл - 48 сааттан кем эмес. Ал үчүн көнүгүүлөрдү токтотуп, жетиштүү уктоо маанилүү.
I (ICE) – муз. Катуу ооруган жерге сүлгүгө оролгон муз салынган баштыкчаны же муздатуучу грелканы 15 минутадан ашык эмес колдонуп көрсөңүз болот. Бул булчуң карышуусуна жана ооруну басаңдатууга жардам берет.
C (COMPRESSION) – компрессия. Ал жумшак ткандардын ичиндеги басымды жогорулатат, натыйжада кан тамырлардын тарышы, шишимиктин жана сезгенүүнүн төмөнлөшү жүрөт. Бул таасирге жетүү үчүн компрессиялык кийимдерди кийүүгө же чоюлгуч бинт менен таңууга болот.
Е (ELEVATION) – көтөрүү. Мүмкүн болсо, ооруган жерлерди (колдорду, буттарды) көтөрүү керек. Бул суюктукту кетирүүгө, шишимик жана ооруну басаңдатууга жардам берет.
Бир гана нерсе: ыкманы колдонууда каршы көрсөтмөлөр болушу мүмкүн - мисалы, кечиккен булчуң оорусу (КБО) эмес, мертинүү болсо, муз ооруну басат, бирок түпкү себеби эч жакка кетпейт. Ошондуктан, машыгуудан кийин бир жери ооруганда биринчи кезекте, дарыгерге кайрылуу керек.
3. Атайын мазды сыйпоо
Ооруну басаңдатууга жана абалды калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн, ушундай оорулардын түрлөрү үчүн атайын жасалган Капсикам® мазын колдонсоңуз болот.
Бул препарат ооруну басуучу жана ысытуучу таасирлерге ээ жана кечиккен булчуң оорусунда (КБО) мертинүүнүлөрдүн өрчүү шартында жана булчуң сезгенүүсүндө жардам бериши мүмкүн.
Капсикам® мазынын мындай комплекстүү таасири уникалдуу курамы менен байланышкан (1) - ал бир эле учурда 5 активдүү затты бири-биринин таасирин толуктоочу теңдемделген катышта камтыйт (2,3,4,5):
Нонивамид – ачуу калемпирден жасалган капсаициндин заманбап аналогу, ооруну басаңдатат жана теринин тамырларын кеңейтет.
Диметилсульфоксид- сезгенүүгө каршы жана ооруну басуучу таасирге ээ, ошондой эле тери аркылуу дарынын калган компоненттеринин оорунун тараган жерине өтүшүнө өбөлгө түзөт.
Бензилникотинат кан тамырларды кеңейтет жана кан айланууну жакшыртат.
Скипидар жана камфора кан айланууну жогорулатат, ооруну азайтат.
Айтмакчы, ошол эле мазды спортчулар машыгуудан алдында ысытуучу каражат катары колдонушат. Ал үчүн маздын бир аз өлчөмүн (1-3 г.га жакын) аппликатордун жардамы менен укалануучу жерге сыйпалат жана тери кызарганга чейин массаждык кыймылдар менен сүртүлөт. Машыгуудан кийин мазды мелүүн суу менен териден жууп салуу керек.
4. Массажга баруу
Машыгуудан кийин эки сааттын ичинде спорттук же ден соолукту чыңдоочу массаж КБО көрүнүшүн бир топ азайтат.
Чындыгында, булчуңдарга мындай күч келтирүү жана жеңил басым булчуңдардын чыңалуусун, тырышууну жана булчуңдардын карышуусун бошотот. Мындан тышкары, массаж кан айланууну жана лимфа агымын жакшыртат. Бул шишимиктин азайышына алып келет жана булчуңдардын калыбына келишин тездетет.
Өз алдынча массаж менен алектенбешиңиз керек - аны туура эмес жасоо коркунучу бар жана булчуңдардын абалын начарлатышы мүмкүн. Массаж үчүн адиске кайрылуу керек
5. Орточо көнүгүүлөрдү жасоо
Албетте, курч ооруларда штанга көтөрүп машыгуу мүмкүн эмес. Бирок төшөктө көпкө жатуунун да кереги жок - булчуңдар алсырап, машыгууларды кайра баштагандан кийин жаракат алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Ошондуктан, дене эс алгандан кийин, орточо физикалык көнүгүүлөрдү жасоого болот. Мисалы, бул йога жана чоюлуу болушу мүмкүн, бул булчуңдардын мурдагы ийкемдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана тезирээк кадимки абалга келүүгө жардам берет.
Булчуңдарды калыбына келтирүү үчүн жеңил растяжка - маанилүү. Динамикалык жана күчтүү стретчинг денеге зыян гана келтирет
Дагы бир вариант - жүрөктүн кагышын жогорулатпастан кардио машыгуу менен алектенүү - жеңил чуркоо, тегеретмеде басуу, велотренажер. Бул кан айланууну жакшыртат жана сүт кислотасынын бөлүнүп чыгуусун тездетүүгө жардам берет.
Белдин, булчуңдардын жана муундардын оорушу тынчсыздандырса эмне кылуу керек? Спойлер: жылуулук жардам берет
2021-жылы медицина жана физиология жаатында Нобель сыйлыгы “температура жана сезүү рецепторлорун ачканы үчүн” ыйгарылганын билесизби? Кыскача айтканда, бул жылуулук, суук жана сезүү биздин
Моюн жана белдин катуу оорушу менен күрөшүүнүн жалпы жолдору жөнүндө айтып беребиз
Белдин же моюндун оорушу дайыма күтүлбөгөн жерден жана ар кандай убакта кармайт. Ал жашоону азапка айландырат, кадимки жашоо ыргагынан чыгып, бир гана кыймылдабай
Бел же моюн кескин катуу ооруп жатабы? Ылайыктуу мазь бар
Белиң кескин ооруп атса, моюн сыздай баштаганда же машыгуудан кийин буттун жана колдун булчуңдарында ыңгайсыздык пайда болгондо жагымдуу нерсе аз. Мындай оору тынч
КАРШЫ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ЖАНА ТЕРС ТААСИРЛЕРИ БАР, АДИСКЕ КАЙРЫЛУУ ЗАРЫЛ.